• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек шаарынын күнүн майрамдоодон кийин 6 тонна таштанды чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 30.04.19 /Кабар/. Бишкек шаарынын күнүн майрамдоо учурунда "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери таң эртең менен нөөмөттө турушкан.

Жалпысынан 60 кызматкер жана 7 атайын техника тартылган. "Ала-Тоо" аянтында кошумча 40 чоң жана 8 евроконтейнер орнотулган.

Шаар боюнча "Тазалыктын" кызматкерлери тынымсыз иштеп, таштандыларды тазалап жүрүшкөн. Бардыгы болуп 6 тоннага жакын таштанды чыгарылган.

"Белгилей кетчү нерсе, майрам учурунда шаардын коноктору жана тургундары таштандыларды чакаларга ыргытып жатышты", - деп маалымдайт "Тазалыктын" басма сөз кызматы.

Пикир

Оставить комментарий