• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкек мэриясы: Көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга айып салынды

Коом 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Шаардын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн КР Укук бузуулар кодексине ылайык, «Умай» (Глобус гипермаркети), «Кыргызгеолтехкомплект» (П.Лумумба көч.), «Ротанг» (П, Лумумба көч. № 76), Чүй мамлекеттик суу чарба башкармалыгы (Кирпичная көч. № 71), «Башат курулуш» (Сүйүнбаев көч. 123) ишканаларына 13 миң сомго айыппул салынды.

Ошондой эле 115-берененин 2-бөлүгү менен өндүрүш калдыктарын таштагандыгы үчүн Чүй проспектисинде жашаган шаар тургуну А. Асановага 5 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынды.

Инспекциянын ишине байланышкан кайрылууларды төмөнкү телефондорго калтырууга болот:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.

Пикир

Оставить комментарий