• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга айып салынды

Коом 0

Бишкек, 17.04.22. /Кабар/. Шаардын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Тазалык тартибин сактабагандыгы үчүн КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 114-беренесине ылайык “Озтопарк” (“KG Групп” курулуш компаниясы), “Чүй Батыш Курулуш”, «Фрунзенец» монтаждоо кооперативи жана «Еврострой инвест» компанияларына 13 миң сомдук өлчөмдө айыппул салынды.

Ошондой эле жолду бузгандыгы үчүн 177-берененин 1-бөлүгү боюнча Жибек-Жолу көчөсүнүн тургуну 5 миң 500 сом өлчөмүндө жоопкерчилик тартат. Ушул эле берененин 2-бөлүгү менен 7 миң 500 сомго топуракты ташып чыгуу эрежесин бузгандыгы үчүн Анкара көчөсүнүн тургуну Болотбек у.Э.ге айып салынды.

Мындан тышкары, 179-берененин 1-бөлүгүнө ылайык көрнөк-жарнактарды мыйзамсыз орноткондугу үчүн «Филос» жана «Тил академиясы» окуу борборлору жоопкерчиликке тартылат. Айыппулдун өлчөмү жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом.

Бишкек мэриясы инспекциянын ишине байланыштуу кайрылууларды төмөнкү телефондорго калтырууга болорун билдирет:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.

Пикир

Оставить комментарий