• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек шаарынын казысы имамдарды сактык чараларын көзөмөлдөөнү милдеттендирди

Коом 0

Бишкек, 29.08.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев шаардын имамдарына чукул жыйын өткөрүп, жума намазында КР Саламаттык сактоо министрлиги жана муфтият тарабынан коюлган эрежелерди так сактоо боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Замир кары Ракиев айрыкча санитардык аралыкты сактоо жана беткап тагуу боюнча катуу көзөмөл керектигин баса белгиледи. Муну менен катар шаар казысы дүйнөнү каптаган пандемия коркунучу Кыргызстанда, айрыкча эл көп жашаган борбор калаада дагы деле кооптуу бойдон кала бергендигин эскертти.

«Бишкек шаарыбызда пандемия коркунучу дагы деле бар экендигин адистер айтып жатышат. Ошондуктан жума жана беш убак намазын уюштурууда бекем туруп, ар бир жарандын дене табын өлчөп, аралыкты сактоосун камсыздайлы. Сактанганды Кудай сактайт. Колдон келишинче сактык чараларын бекем көзөмөлдөйлү»,- деди Бишкек шаарынын казысы.

Пикир

Оставить комментарий