• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек шаарынын коменданты: Бүгүнкү күнгө карата 990 электрондук арыз жактырылды

Коом 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. 2-апрелден бери Бишкек шаарынын комендатурасына 19 миң 864 электрондук арыз келип түштү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Ал белгилегендей, алардын ичинен 990 арыз жактырылган.

"Бизге эмнеге өткөрмө кагаздары берилбейт деген суроолор келип жатат. Муктаждыгы болбосо адамдарга уруксат кагазы берилбейт. Бизге өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн да өткөрмө кагазын алууну каалагандар кайрылышат. Электрондук кайрылуулардын көпчүлүгү борбор калаага кирип-чыгып кетүү максатын көздөйт. Ар бир арыз каралгандыктан ага убакыт кетип жатат. Мындан улам кезек жаралып, уруксат кагаз зарыл болгон адамдар күтүп калууда. Жарандарга жеке иштери үчүн өткөрмө кагаздары берилбейт. Ал эми шашылыш түрдө бир жерге баруусу керек болгон жарандар маршруттук кагазды толтурса болот", - деди ал.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий