• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек шаарынын коменданты батир акысын төлөй албаган көп балалуу үй-бүлөлөрдү көчөдө калтырбоого чакырды

Коом 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев батирин ижара берип жаткан жарандарга кайрылып, ижара акысын төлөй албаган үй-бүлөлөрдү үйдөн кууп чыкпоого чакырды.

"Боорукер болуп, жардамга муктаждарга көмөктөшүүгө чакырам – ал сиздердин кошуна, тууган, досуңар же башка жаран болушу мүмкүн. Батирин ижарага берген жарандарга кайрылам, сабырдуу болуп, жакшылык кылыңыздар. Көп балалуу үй-бүлөлөрдү сыртка чыгарып койбогула. Өзгөчө абал киргизилгенден кийин өзүңөрдүн акчаңарды аласыңар деп ойлойм. Сабырдуу жана боорукер болууга чакырам", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий