• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек шаарынын коменданты Курсан Асанов шаарда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чогулуш өткөрдү - ИИМ

Коом 0

Бишкек, 06.10.20. /Кабар/. Ички иштер министринин милдетин аткаруучу, Бишкек шаарынын коменданты Курсан Асанов ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрүнө жана Бишкек шаардык милициясынын өздүк курамына Бишкек шаарында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча инструктаж жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Курсан Асанов шаар жашоочуларынын коопсуздугун камсыз кылуу керектигин билдирген.

"Бардыгыңарды чагымчылдыкка алдырбоого, мыйзамдын чегинде иш-аракет кылууга чакырам. Милиция кызматкерлери ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрү менен мыйзамга каршы аракеттерди болтурбашы керек. Анткени Бишкек шаарынын жашоочуларынын жана анын меймандарынын бейпилдиги менен коопсуздугу баарынан маанилүү. Ошондуктан милиция кызматкерлери менен ыктыярдуу элдик кошуундар укук бузууларды алдын алып, профилактика иштерин жүргүзүп, тартип бузууларга жол бербеши керек", - деген ал.

Учурда милициянын өздүк курамы республика аймагында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.

Пикир

Оставить комментарий