• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек шаарынын коменданты: Жаңы конуштарга банктардын көчмө кассалары чыгууда

Коом 0

Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Жаңы конуштарга коммерциялык банктардын көчмө кассалары чыгууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

"Өткөн жумадан баштап жаңы конуштарда коммерциялык банктардын көчмө кассаларын уюштурула баштады. Алар пенсия, акча которууларды жасап, акчаны накталай чыгарып берет", - деди ал.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий