• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек шаарынын комендатурасы: ММК менен иштешүү үчүн онлайн-платформа түзүлөт

Коом 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев калктын маалымат алуу жана маалымат таратуунун тартиби жөнүндө буйрукка кол койду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын комендатурасынын билдиришти.

Документте айтылгандай, коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штабдын басма сөз борборунун базасында жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар үчүн онлайн-платформалар түзүлөт.

"Комендант бекиткен жобо өзгөчө абал учурунда Бишкек шаарынын комендатурасы менен жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалардын иштешүү тартибин жөнгө салат", - деп айтылат маалыматта.

"Жобонун негизги максаты расмий жана тастыкталган маалымат алууда жарандардын кепилденген укуктарын камсыз кылуу болуп саналат. Аталган жобо КР Конституциясы, Кыргыз Республикасынын "Өзгөчө абал жөнүндө" конституциялык мыйзамы жана башка ченемдик-укуктук актыларынын, коменданттын буйруктарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан", - деп билдиришти Бишкек шаарынын комендатурасынан.

Пикир

Оставить комментарий