• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек мэри Абдыкадыров Кореянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Борбор калаанын мэриясында шаар башчысы Эмилбек Абдыкадыровдун Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Джэ менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек шаары менен боордош Куми шаарынын (Түштүк Корея Кёнсан-Пукто провинциясы) ортосундагы эки тараптуу мамилелердин мындан аркы келечегин талкуулашты, ошондой эле инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүү маселелерине токтолушту.

Шаар башчысы Кореянын шаарлары менен шаар турмушунун ар кыл багыттары боюнча тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди.

Элчи өз кезегинде, Бишкек шаарынын мэрине кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кореянын башка шаарлары менен достук мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий