• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте мектептердин айланасы тосулат. Мэр план иштеп чыгууну тапшырды

Коом 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык билим берүү тармагынын иши боюнча жыйын өткөрдү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө билим берүүнүн сапаты, мектептердин көрсөткүчтөрү менен санариптик карта түзүү, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилерин ротациялоо жана мектептердин айланасына тосмо орнотуу маселелери талкууланды.

"Буга чейин муниципалитет мектептердин аймактарын торчо менен тосуу боюнча норманы алып салуу бөлүгүндө санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин демилгелеген. Окуучулардын коопсуздугун эске алуу менен бул демилгени четке кагуу чечими кабыл алынды", - деп айтылат билдирүүдө.

Калаа башчысы билим берүү мекемелеринин тосмолорун этап-этабы менен куруу планын иштеп чыгып, учурдагы санитардык нормаларга ылайык тосмолорду калыбына келтирүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий