• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкек шаарынын мэри Москва өкмөтүнүн министри менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Москва өкмөтүнүн министри, Москва шаарынын тышкы экономикалык жана эл аралык байланыштар департаментинин башчысы Сергей Черемин менен жолукту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Черемин Москва шаарынын мэри Сергей Собяниндин атынан Айбек Жунушалиевди Бишкек шаарынын мэри болуп шайланышы менен куттуктады.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулашты.

Ошондой эле билим берүү, маданият жана турак жай -коммуналдык чарбаны автоматташтыруу, кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана интеллектуалдык транспорт системасын өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашуу чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү күчөтүү үчүн чоң потенциалдын бар экенин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий