• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкек мэри шаардык кызматтардан маселелерди олуттуу кароону талап кылды

Коом 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин райондук администрациялардын башчылары, шаардык кызматтардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери менен кезектеги пландык жыйыны өттү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын катышуучулары эсепке алынбаган муниципалдык менчикти жана жер тилкелерин инвентаризациялоо жана идентификациялоо, электр энергиясын керектөө лимиттерин сактоо боюнча чаралар жана башка маселелерди талкуулашты.

Жыйынтыгында Айбек Жунушалиев муниципалдык менчикти инвентаризациялоо боюнча тапшырмалар туура эмес аткарылып жатканын айтып, аткарылган иштердин жыйынтыгына сапаттуу анализ берүүнү талап кылды, антпесе бул иш канааттандырарлык эмес деп табылат.

Жер ижарага алгандардын карыздарын аныктоо үчүн район акимдерине учурдагы мыйзамдын алкагында карызкорлорго карата комплекстүү чараларды көрүү тапшырылды.

Ошондой эле, райондордун жетекчилери «Түндүк электр» ААК менен биргеликте электр энергиясын керектөө лимиттерин сактоо боюнча шаардыктар менен түшүндүрүү иштерин күчөтүшү керек.

Пландык жыйындын аягында мэр бардык кызматтардын жана ишканалардын жетекчилерине кийинки жолугушууга чейин өз ишинин сапаттуу жыйынтыктарын беришпесе, тийиштүү дисциплинардык чаралар көрүлөрүн эскертти. Ал ошондой эле жолугушуунун күн тартибиндеги маселелерди олуттуу иштеп чыгууну талап кылды.

Пикир

Оставить комментарий