• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек шаарынын мэри шайлана турган күн аныкталды

Саясат 0

Бишкек, 23.07.18. /Кабар/. Бишкектин мэрин шайлоо 8-августта өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, БШКга КРнын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин Албек Ибраимовдун кызматынан бошотулгандыгы жөнүндө 19-июлдагы № 487 буйругу келген. Буйруктун негизи катары 13-июлдагы Бишкек шаардык кеңешинин № 67 токтому көрсөтүлгөн.

КРнын мыйзамынын 23-беренесине (“Борбор шаардын статусу жөнүндө”) ылайык, мэр мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотулса, вакансия пайда болгондон баштап 10 күндүн ичинде шайлоо күнүн белгилейт.

Бишкек шаарынын мэрин шайлоо Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен ишке ашырылат. Эгерде шайлоого жалпы депутаттардын 3төн эки бөлүгүнөн кем эмес адам катышса, шайлоо өттү деп эсептелет.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгон адам мэрлик кызматка тандалат.

Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жарыялайт, тиешелүү протоколду түзүп, массалык маалымат каражаттарына жиберишет.

Бишкек шаарынын мэри кызматына талапкерлерди Бишкек шаардык кеңешинин фракция коалициялары, фракциялары жана премьер-министрдин көрсөтүүгө укугу бар.

Бишкек шаарынын мэри жогорку билими бар, мамлекеттик, муниципалдык кызматта же мамлекеттик билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоодо 5 жылдан аз эмес убакыт иш тажрыйбасы бар, мамлекеттик тилде эркин сүйлөй алган КРнын жараны болушу керек.

Шаардын мэрлигине талапкерлигин көрсөткөн адам шайлоого чейин 5 күндүн ичинде аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди тапшыруусу зарыл: Талапкерликке көрсөтүү жөнүндө чечим;

  1. 2) Талапкердин шайлоого катышуу тууралуу арызы;

3) Талапкердин аты, фамилиясы, туулган жылы, иштеген жери, ээлеген кызматы жана жашаган жери тууралуу маалыматтар;

4) Мыйзамдын 22-беренесиндеги талаптарга жооп берген тиешелүү документтер.

Аймактык шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алгандан баштап 3 күндүн ичинде талапкерди мыйзамдын негизинде текшерип чыгып, талапкерди каттоодон өткөрүү же андан баш тартуу тууралуу чечим чыгарат. Эгер комиссия талапкердин документтеринен каттоого туура келбеген жерин аныктаса, документти кабыл алгандан баштап 24 сааттын ичинде талапкерлигин көрсөткөн субъектиге кабар берүүгө милдеттүү. Ал эми талапкер билдирүү алгандан баштап 48 сааттын ичинде катаны түзөтүп кайра тапшырууга укуктуу.

Талапкерлигин көрсөткөндөн кийин шайлоого 5 жумушчу күнү калганда мэрдин кызматына талапкер мамлекеттик тил боюнча экзамен тапшырат.

Аймактык шайлоо комиссиясы бардык талапкерлерди каттагандан кийин 2 айдын ичинде мэрди шайлоону уюштурат.

Пикир

Оставить комментарий