• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек шаарынын мэри жарандарды кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жарандарды жеке кабыл алды. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Шаар башчысы менен жолугушууга 15 шаар тургуну келди. Алар негизинен борбордук канализация, газдаштыруу, жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жана материалдык жардам көрсөтүү маселелерин көтөрүштү.

Эмилбек Абдыкадыров жарандардын көйгөйлөрүн угуп, шаардык кызматтарга маселелерди КР мыйзамдарынын алкагында чечүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий