• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек шаарынын мэриясы айрым ыйгарым укуктарды райондордун акимдерине тапшырат

Коом 0

Бишкек, 05.10.21. /Кабар/. Бишкек мэриясы район башчыларына шаардагы жерлерге укуктарды берүү ыйгарым укуктарын тапшырат. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, биринчи этапта акимдер эки комиссиянын төрагасы болуп дайындалды:

- Бишкек шаарындагы жер тилкелерине ижара укуктарын берүү жана жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү маселелерин кароо жөнүндө;

- жеңил типтеги объектилер үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкелерине ижара укуктарын берүү жөнүндө.

"Келечекте муниципалитет башка ыйгарым укуктарды акимияттарга өткөрүүнү пландап жатат, бул тууралуу кийинчерээк маалымат берилет", - деп кошумчалашты Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан.

Белгилей кетсек, акимдердин жоопкерчилиги жергиликтүү калктын жашоосунун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу, инвестициялык жагымдуулугунун көрсөткүчтөрүн жана ишкердик активдүүлүктү жогорулатуу үчүн күчөтүлүүдө.

Ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын кайрылуусуна байланышкан маселелердин өз убагында жана сапаттуу чечилиши, муниципалдык жер тилкелерин башкаруунун ачыктыгын камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарын так сактоо үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.

Мындай чаралар Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров жүргүзгөн саясаттын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын ыйгарым укуктарын күчөтүү үчүн көрүлгөн.

Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин оптималдаштыруу, борбордогу муниципалдык жер тилкелерин эффективдүү башкарууну камсыз кылуу жана акимдердин ыйгарым укуктарын күчөтүү максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий