• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкек шаарынын мэриясы "Ала-Тоо" аянтына жазуу жазып кеткен бейбашты издөөдө

Коом 0

Бишкек, 29.05.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы "Ала-Тоо" аянтына жазуу жазып кеткен бейбашты издөөдө.

Мэрия билдиргендей, бүгүн түнү кимдир бирөө аянтка "dan4o_x" деп жазып кеткен.

""Тазалык" ишканасынын кызматкерлери таң эртеден ал тактарды жууп жатышат. Кайдыгер эмес шаар тургундарынын жардамы менен ал жазууну жазып кетти деп божомолдонуп жаткан тургундун социалдык тармактагы аккаунту табылган", - деп билдиришти мэриядан.

Мэри, милиция кызматкерлерин аянтка жазуу жазып кеткен тургунду таап, мыйзам боюнча жоопко тартуусун өтүнөт. Ошондой эле мэрия, шаар тургундарын муниципалдык мүлккө аяр мамиле кылып, Бишкекти көрктөндүрүү үчүн иштегендердин мээнетин сыйлоосун суранат.

Пикир

Оставить комментарий