• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек мэриясы коомдук транспорттордун санын көбөйтүүнү карап жатат

Коом 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспорттордун санын көбөйтүү боюнча жигердүү иш алып барууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, дизель майынын кымбатташына байланыштуу кичи автобустардын айдоочулары иштен кетишкен, анын кесепетинен каттамдагы унаалар азайган. Эгер буга чейин шаардыктарды 3,5 миңге жакын кичи автобус тейлесе, учурда алардын саны 1,5 миңден ашпайт.

"Муниципалитет үзгүлтүксүз негизде көчмө жыйындарды өткөрүп турат. Жер-жерлерде шаардык транспорт башкармалыгынын адистери транспорттук ишканалардын өкүлдөрү менен автобустардын жана кичи автобустардын кыймылдуу курамын көбөйтүү, ошондой эле күйүүчү майдын экологиялык жактан таза формасына чоңураак автобустарга өтүү маселеси боюнча жолугушууларды өткөрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Муниципалитеттен белгилегендей, каттамдардагы автобустарды тынымсыз текшерүүдөн өткөрүү, коомдук транспортторду кышкы мезгилге даярдоо жана жүргүнчүлөрдү ташуунун ишин көзөмөлдөө боюнча туруктуу жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары, айдоочулардын санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоосуна, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн этикасына жана маданиятына өзгөчө көңүл бурулууда.

Белгилей кетсек, коомдук транспортко байланыштуу суроолорду жана кайрылууларды төмөнкү байланыш номерлерге калтырсаңыздар болот (WhatsApp):

- Шаардык транспорт башкармалыгы (маршруттук таксилер): 0502205202;

- Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы, автобустардын ишин көзөмөлдөйт: 0555898555;

- Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0990306076;

- Бишкек шаарынын мэриясынын байланыш борбору: 1850, 1840.

Пикир

Оставить комментарий