• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарды ишембиликке катышууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 14-март /Кабар/. 2017-жылдын 18-мартында жана 22-апрелинде Бишкек шаарынын аймагынын санитардык абалын жакшыртуу боюнча жалпы шаардык ишембиликтер өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ишембиликтер шаардык муниципалитеттин 2017-жылдын 13-мартындагы №50-б буйругунун негизинде, шаардык аймактын санитардык абалын, көрктөнүүсүн жана жашылдануусун, ошондой эле ирригациялык тармагын жакшыртуу, уюмдарды жана мекемелерди, менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттерди, ошондой эле көп батирлүү жана менчик турак үйлөрдө жашаган тургундарды тийиштүү иш-чараларга тартуу максатында жарыяланды.

Калаанын ирригациялык тутумуна, ошондой эле сейил бактарына өзгөчө көӊүл бурулат. Ишембиликтер өткөрүлүүчү жерлер райондук администрациялар тарабынан аныкталат.

Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы ишембиликке жигердүү катышууга жана сүйүктүү шаарыбыз Бишкекти тазалоого чакырат.

Шаардык муниципалитет шаар тургундарын катталган бузууларды так даректерин көрсөтүү менен WhatsApp колдонмосу аркылуу төмөнкү номерлерге арыздарды калтырууга чакырат:

Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;

Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 955 509;

Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 336 640;

Матмусаев Марат Маманович (Свердлов району) — 0555 447 154.

Пикир

Оставить комментарий