• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкек шаарынын мэриясына Камчатск көчөсүн капиталдык оңдоодон өткөрүүсү сунушталды

Өкмөт 0

Бишкек, 05.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев өлкөнүн бир катар унаа жолдорун оңдоо жана куруу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мындан мурда министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жолдордун курулушун жана андагы жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерин мониторингдөө тапшырмасын берген.

Жумушчу сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев төмөнкү жол тилкелериндеги иштердин жүрүшү менен таанышты:

- «Бишкек - Ош» унаа жолунун 9-чакырымы (Дэн Сяопин проспектиси / Бишкек шаарына батыш тараптан кирүү, Киркомстром);

- «Бишкек - Ош» унаа жолунун 31-чакырымы (Сокулук айылынын борбору);

- «Бишкек - Ош» унаа жолунун 132-чакырымы (Төө-Ашуунун түштүк бөлүгү Маданият айылынан Жалал-Абад шаарына чейин 132-141-чакырым; 507-574-чакырым);

- «Түндүк -Түштүк» унаа жолунун Көк-Арт ашуусу аркылуу тунелинин түштүк порталы.

Сапардын жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир катар тапшырмалар берилди. Тактап айтканда, борбор калаанын кире беришиндеги автоунаа агымын кыскартуу максатында, Бишкек шаарынын мэриясына Абакан көчөсүндө ондоп-бүтөө ишин жана Камчатск көчөсүндө капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү сунушталды.

Чүй облусунун Сокулук мамлекеттик администрациясына Новопавловка айылында ирригациялык тармакты орнотуу боюнча иштерди жүргүзүү тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине үстүбүздөгү жылдын 1-августуна чейин Киркомстром аймагындагы (500 м) жолду, анын ичинде Ден Сяопин проспектиси менен Алыкулов көчөсүнүн кесилишинде (шаардын батыш тарабынан кире бериш) жайгашкан ирригациялык тармактарды реконструкциялоону жыйынтыктоосу тапшырылды. Белгилесек, бул маселе 2014-жылдан тарта чечилбей келген.

Пикир

Оставить комментарий