• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек шаарынын мэриясында бизнес аянтча уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 04.12.20. /Кабар/. Бишкектин социалдык саясат боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашев бизнес коомчулугунун өкүлдөрү: рестораторлор, соода борборлорунун, үйлөрдүн, комплекстердин, спорт уюмдарынын жана курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иштин жанданышы менен, тактап айтканда, 1-декабрдан баштап ишкерлерде пандемия учурундагы иштөө эрежелери жана башка жагдайлар боюнча суроолорду, кызматкерлердин жана кардарлардын коопсуздугун, коопсуз иштөө шарттары, деталдары талкууланды.

Бардык токтомдор жана иштөө алгоритмдери сайтка жайгаштырылган.

Вице-мэр А.Чыныбаева менчигинин түрүнө карабастан борбор калаада өзгөчө кырдаалда иштеп жаткан уюмдардын жетекчилерине өкмөт тарабынан бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сактоону эскертти. (документ бул жерде).

Алардын арасында:

- күн сайын иш башталардын алдында «кирүү фильтрин» уюштуруу;

- ишкананын кире беришинде максаттуу арналыштагы антисептиктер же дезинфекциялоочу салфеткалар менен колду тазалоону уюштуруу;

- кызматкерлер жана келүүчүлөр үчүн бет кап тагынуу режимин киргизүү;

- абаны тез-тез алмаштырууну камсыздоо;

- кинотеатрлар, интернет-клубдар кызматкерлер жана келүүчүлөр арасында бет кап режимин сактоону, кардарларды шахматтык тартипте олтургузууну камсыздоо;

- коомдук тамактандыруу түйүндөрү, көңүл ачуучу жайлары келүүчүлөрдүн санын олтуруучу орундарынын жалпы санынын 50%дан ашпаган санда чектөө.

А.Чыныбаева 4-декабрдан баштап мобилдик топтор ишин улантарын, алар санитардык эрежелердин сакталышын текшерип, ишкерлерге коопсуз жумушту жүргүзүүгө жардам берерин жана азырынча эч кандай жаза колдонулбай тургандыгын белгиледи.

Ал коррупция аныкталган учурда ишкерлер Бишкек шаарынын мэриясынын коррупцияга каршы-күрөшүү секторуна кайрылууга болорун кошумчалады.

Байланыш номери: 61-07-75.

Толук маалымат үчүн Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун багыттар боюнча байланыш номерлерин калтырабыз:

• Өнөр жай объектилери: май куюучу жайлар, курулуш базарлары ж.б.

0559 317518 - Алтай Төлөнбаев;

• Коммуналдык гигиена бөлүмү: медициналык борборлор, чачтарачтар, мейманканалар, мончолор

0550 170747 - Айгүл Бейшеналиева;

• Тамак-аштын гигиенасы бөлүмү: тез тамактануучу жайлар, кафелер, ресторандар, тандыр дүкөндөр ж.б.

0557 443877 - Махзамат Мурзашов;

• Балдардын жана өспүрүмдөрдүн гигиенасы бөлүмү: мектептер, бала бакчалар, билим берүү борборлору ж.б.

0553 034440 - Динара Бекбасарова.

Пикир

Оставить комментарий