• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек шаарынын мэриясында куруучулардын штабынын жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Бишкек мэриясынын жыйындар залында шаардын вице-мэри Нурлан Шаршеналиевдин төрагалыгы алдында административдик райондордун жана шаардык кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда курулушчулардын бириккен жогорку штабынын жетекчилери менен Бишкек шаарында өз алдынча курулган турак жайларды мыйзамдаштыруу маселеси боюнча жыйын өттү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө штабдын өкүлдөрүнө борбор калаанын мэриясынын Бишкек шаарынын административдик чек араларын бекитүү, ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү, мурда курулган турак жай курулуштарын мыйзамдаштыруу жана жер участокторуна техникалык паспортторду берүү бөлүгүндө жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу маалымат берилди.

Айта кетсек, 2022-жылдын 15-февралына карата «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмү тарабынан Бишкек шаарынын турак жайларынын тургундарына 1809 техникалык паспорт берилген.

Кеңешменин жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын административдик райондорунун башчыларына аталган турак жай курулуштарынын жашоочулары арасында «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин филиалдарында жер тилкелеринин техникалык паспортторун иштеп чыгуу зарылчылыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырылды.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу органдарга аталган турак жай курулушунун ээлерине укук белгилөөчү документтерди долбоорлоого жана иштеп чыгууга ар тараптан көмөк көрсөтүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий