• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси медицина кызматкерлерин майрамы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 05.07.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев медицина кызматкерлерин бүгүнкү кесиптик майрамы менен куттуктады.

“Медицина кызматкерлерин шаардын мэринин, мэриянын эмгек жамаатынын жана өзүмдүн атыман бүгүнкү майрамы менен куттуктайм жана башыбызды ийип таазим кылабыз. Сиздерге чоң рахмат. Баарын бирдикте жеңебиз. Үй-бүлөңүздөр менен аманчылыкта, эсенчиликте болуңуздар. Бул оор күндөрдө бейтаптардын жанында жүрүп жатасыздар, бул күндөр да өтөт. Ошондо бул майрамды сиздер менен чогуу майрамдайбыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий