• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борборуна бир жумада 475 даттануу жана кайрылуу түштү

Коом 0

Бишкек, 13.11.18. /Кабар/. 5нен 11-ноябрга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борборуна жашоочулардан 475 даттануу жана кайрылуу түшүп, анын ичинен 148 кайрылуу катталган. Келип түшкөн чалуулардын көбү сурап-билүү мүнөзүндө болгон. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Чалуулар 185 жана 1840 телефондору боюнча күнү-түнү кабыл алынууда, ошондой эле көйгөйлөрдү сүрөттөрү менен 0554 182-185 номерине жөнөтүүгө болот. 1-ноябрдан баштап ыкчам жооп кайтаруу кызматы даттанууларды жана билдирүүлөрдү 1850 номери боюнча кабыл алууда", - деп билдиришти мэриядан.

Андан сырткары мэрия шаар тургундарынан төмөндө көрсөтүлгөн номерлерге өздөрүнүн кайрылууларын жана даттанууларын жөнөтүүсүн суранат:

- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557- 99-79-27;
- Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 95-55-09;
- Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич (Биринчи Май району) — 0555 66-60-96;
- Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — 0703 611 806.

Пикир

Оставить комментарий