• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 17.08.20 /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

КРнын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Анарбеков Абдес Сыпарбекович ротация тартибинде КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси болуп дайындалды.

Ротация жөнүндө буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов жана Ысык-Көл областынын губернатору Балбак Түлөбаев кол койду.

Пикир

Оставить комментарий