• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек шаарынын мэрин шайлоо качан болору дүйшөмбү күнү белгилүү болот

Саясат 0

Бишкек, 20.07.18. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясына Албек Ибраимовду Бишкек шаарынын мэри кызматынан алуу тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу келген. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, мыйзамга ылайык, БШК буйрукту алгандан кийинки 10 күндүн ичинде шайлоонун күнүн белгилеши керек.

“Андан кийин Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары, көпчүлүк коалиция же премьер-министр өздөрүнүн талапкерлерин көрсөтүшөт. Бишкек боюнча аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлерге текшерүү жүргүзөт, алар мамлекеттик тил боюнча экзамен тапшырышат. Андан соң каттоо башталат. Шайлоого 5 күн калганда каттоо жабылат”, - деди А.Бекматов.

Бекматов шайлоонун боло турган күнү белгиленгенден кийин 20 күндүн ичинде шайлоону өткөрүү керектигин айтты.

“БШКнын шайлоонун күнүн белгилөө боюнча отуруму 23-июлга белгиленди”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий