• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек шаарынын мэринин кубогуна катышуу үчүн биринчи жолу чет элдик хоккейчилер келди

Спорт 0

Бишкек, 5-апрель /Кабар/. 4-апрелде Бишкек шаарынын мэринин кубогуна жаш командалардын арасында шайба менен хоккей ойноо боюнча эл аралык мелдешке катышуу үчүн Томск облусунун (Россия) командасы жана Шымкенттен (Казакстан) 2 команда келди.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жакын арада мелдештин калган катышуучу командалары келери күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, шайба менен хоккей ойноо боюнча жаш өспүрүмдөр арасындагы командалардын мелдеши Бишкекте биринчи жолу өтөт. Мелдешке 150 дөн ашык жаш хоккейчилер катышат. Оюндар 2006-жылы жана 2009-жылы туулган спортчулардын арасында 2 категорияда өтөт.

5-7-апрелде Шаардык муз аянтта Россия, Казакстан жана Кыргызстандын хоккей боюнча өспүрүмдөр арасындагы командаларынын Бишкек шаардык мэринин кубогуна эл аралык мелдеш өтөт.

Пикир

Оставить комментарий