• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек шаарынын мэринин м.а. Жунушалиев ишемби күнү жарандарды жеке кабыл алат

Коом 0

Бишкек, 18.08.21. /Кабар/. Борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев ишемби күнү шаардыктар үчүн жеке кабыл алуу өткөрөт. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кабыл алуу саат 10:00дөн 14:00гө чейин жазылуу жолу менен жүргүзүлөт.

"Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз мэрдин жеке кабыл алуусуна жазылууну кааласаңыз, Чүй проспектиси №166 (бирдиктүү терезе) дарегине кайрылыңыз. Жазылуу үчүн паспорт жана башка документтер керектелет. Сурап билүү жана кошумча маалымат: 61-07-05", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий