• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп Самидин Атабаев дайындалды

Коом 0

Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп Самидин кары Атабаев дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Замир кары Ракиев кол койгондугун, муфтияттын басма сөз кызматы кабарлайт.

Азирети муфтий Бишкек шаардык казыятынын эмгек жамааты менен жолугуп, казыяттын ишмердүүлүгү жоопкерчиликтүү экендигин баса белгилеп, жаңы дайындалган Бишкек шаарынын мусулмандар казысынын ишине ийгилик каалады.

Атабаев Самидин Абдураимович 1973-жылдын 27-декабрында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Комсомол айылында төрөлгөн.

Диний жогорку билимге ээ. Орус, түрк, өзбек, араб тилдеринде эркин сүйлөйт.

Үй-бүлөлүү, эки уул, үч кыздын атасы.

Эскерте кетсек, Самидин кары Атабаев буга чейин Ош облусунун мусулмандар казысы болуп эмгектенип келген.

Пикир

Оставить комментарий