• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек шаарынын негизги сугат каналдары тазаланууда

Коом 0

Бишкек, 09.03.23. /Кабар/. Бишкек шаарында сугат маалында тоскоолдуксуз суу берүү үчүн шаардын негизги сугат каналдарын тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

“Бишкек суу чарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Ленин, Свердлов жана Октябрь райондорундагы магистралдык каналдарда, ошондой эле Достоевский көчөсүн бойлой Чүйдөн темир жолго чейин, Айтиев көчөсүн бойлой Сухэ-Батор көчөсүнөн 12-кичирайонуна чейин, Мураталы каналын Сухэ-Батор көчөсүнөн чейин Нуркамал көчөсүнө чейин, Ч.Айтматов проспектисин бойлой "Азия Молл" соода борборунан Л.Толстой көчөсүнө чейин, Л.Толстой көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин кол менен жана механикалаштырылган тазалоо жумуштарын жүргүзүүдө.

Ошондой эле Биринчи май районундагы Ак-Босого конушунда ирригациялык темир-бетон лотокторду орнотуу иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий