• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек шаарынын прокурору болуп Марсбек Кыдыкбаев дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын прокурору болуп Марсбек Кыдыкбаев дайындалды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, Кыдыкбаев буга чейин Токмок шаарынын прокурору болуп эмгектенген.

Мурдараак өткөн маалымат жыйында башкы прокурор Курманкул Зулушев Бишкектин прокурору Темирбек Бекмаматов өз каалоосу менен кызматтан кеткендигин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий