• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясы коррупцияга шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.11.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясы коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан (Финансы полициясы) билдиришти.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2016-жылы айрым адамдар (кылмыштуу элементтер) материалдык пайда көрүү максатында өз байланыштарын пайдаланып, президенттин аппаратынын кызмат адамдары, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги, ошондой эле айрым судьялар жана сот тутумунун кызматкерлери тарабынан "Г.Э." ЖЧКнын кызыкчылыгын көздөп, сот иштерин жана сот чечимдерин жасалгалоо жолу менен М.Бакиевдин филиалдарына таандык мүлктөн камакка алууну мыйзамсыз алып салышкан.

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) менен каралган белги боюнча кылмыш иши козголгон.

Үстүбүздөгү жылдын 11-ноябрында тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча секторунун башчысы Ч.С. коррупцияга шектелип кармалды. Ошондой эле Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясы Ж.Н. да коррупцияга шектелип кармалды.

Азыркы убакта аталган кылмышка тиешеси бар башка жогорку кызмат адамдарынын жүргөн жерин аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий