• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектин санитардык полигонунда рекультивация иштери кайрадан башталды

Коом 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 18-октябрынан тарта Бишкек шаардык санитардык полигонунда рекультивация иштери кайрадан башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иштин жүрүшү муниципалитеттин жетекчилигинин көзөмөлүндө.

Бишкек шаарынын мэриясы сентябрь айында эки жолу ЕРӨБгө эстониялык компания менен келишимди бузуу жөнүндө кат жөнөткөн, анткени подрядчы компания бир жарым жылга эч себепсиз өлкөдөн чыгып кеткен жана бардык иштер токтотулган.

"Бир нече сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, подрядчы компания жумушту мүмкүн болушунча тез арада калыбына келтирүү ниетин билдирди. Түтүндүн очокторун жоюу боюнча эки айдын мөөнөтү жана иштин түрлөрү көрсөтүлгөн. “Шаардык катуу таштанды төгүүчү жайдагы түтүндү жоюу боюнча иш -аракеттер планы” түзүлүп, бекитилген. Иштелип чыккан план боюнча жумуштарды аткаруунун шарттарын аткарбоо келишимди бузууга негиз болуп калат", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, подрядчы менен келишимге 2017-жылдын 20-июнунда кол коюлган, ал боюнча иштер 2019-жылы бүтүшү керек болчу. Бирок, 2019-жылы жумуштун ар кандай себептерден улам мезгил-мезгили менен токтоп туруусуна (2021-жылдын 1-июлуна чейин), жумуштун аяктоо күнүн өзгөртүү шартына өзгөртүү киргизүү жөнүндө келишимге кол коюлган (келишимдин суммасынын көбөйүшү, полигондун иш жүзүндөгү аянтынын көбөйүшү) боюнча 4,57 га, ж.б.). 2020-жылдын апрелинде подрядчынын командасы полигондогу жумушту толугу менен токтотуп, жалпы иштин 34% ын гана аткарган.

Пикир

Оставить комментарий