• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек шаарынын вице-мэри быйыл канча бала бакчанын ачылышы пландалганын айтып берди

Коом 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Уланбек Азыгалиев быйыл шаарда ачыла жана курула турган бала бакчалар тууралуу айтып берди.

"Бул жылы Бишкек шаарынын "Тунгуч" районунда 140 орундук (аянты 1 миң 480 чарчы метр), Тыныстанов менен Москва көчөсүндө 100 орунга эсептелген (аянты 1 миң 216 чарчы метр) бала бакчанын курулушун аяктоо пландалууда. 2020-жылы эки бала бакчанын ачылышы пландалган. 6-кичи райондогу 140 орундук №14 кичи бала бакчаны реконструкциялап, Кайыңды конушундагы №187 бала бакчага жанаша салынган имараттын курулушун аяктап, жай айында ачуу каралган. Панфилов көчөсүндөгү №12 бала бакчага кошумча 100 орунга эсептелген имаратты куруп баштоо пландалууда. 11-кичи райондогу 140 орундук "Ласточка" бала бакчасын реконструкциялоо каралууда. Арча-Бешик конушунда 180 орундук , Келечек конушунда 100 орундук бала бакчаны куруу планы турат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий