• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектин вице-мэри кайсы ишкана-мекемелерге 21 жана 25-майдан тарта ишин жандандырууга уруксат берилерин айтып берди

Коом 0

Бишкек, 20.05.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов 21 жана 25-майдан тарта борбор калаада кайсы ишкана-мекемелерге иштөөсүнө уруксат берилери жана кайсылары азырынча иштебей турарын айтып берди.

Анын айтымында, 21-майдан тарта экономикалык ишмердүүлүктүн төмөнкү түрлөрүнө ишин жандандырууга уруксат берилет:

1. Калкты тейлөө борборлору (КТБлар жана авто-КТБлар).

2. Калкты тиричилик жактан тейлөө борлорлору:

- бут кийим, саат оӊдоо ж.б.;

- эмерек чогултуу жана оӊдоо.

3. Соода-сатык чөйрөсү:

- соода борборлору – соода-оюн-зоок борборлорунда жайгашкан балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын, коомдук тамактануу (фуд-корт) түйүндөрүнүн ишмердүүлүгүн кошпогондо;*

- азык-түлүк эмес товарларды сатуу дүкөндөр жана пункттар (мурунку баскычтарга кирбеген түрлөр);

- автомобиль базарлары;

- мал базарлары.

4. Менчик (жеке) репетиторлордун кызмат көрсөтүүлөрү.

5. Менчик үй-бүлөлүк мончолордун жана СПА-борборлордун кызмат көрсөтүүлөрү – коомдук мончолорду, сауналарды кошпогондо.*

Мейманканалардын ишмердүүлүгү (мейманканалардын алдындагы бассейндерди жана машыктыруучу залдарды кошпогондо).

25-майдан тарта:

1. Соода-сатык чөйрөсү:

- кийим-кече сатуучу базарлар

2. 50дөн аз сандагы орундары менен коомдук тамактануу түйүндөрүнүн, жайкы кафелердин жана ресторандардын ишмердүүлүгү (коноктордун жана столдордун ортосундагы 1,5-2 метр аралыкты так сактоо менен) – соода-оюн-зоок борборлорунда жайгашкан коомдук тамактануу түйүндөрүн (фуд-кортторду) кошпогондо.*

3. Театрлардын, музейлердин, көргөзмө залдарынын жана галереялардын, китепкана жана маданий-агартуучу жайлардын ишмердүүлүгү.

4. Транспорттук кызмат көрсөтүү чөйрөсү (шаардык транспорт):

- коомдук транспорт, тактап айтканда автобустар, троллейбустар жана кичи автобустар.

Төмөндөгү ишмердүүлүктөр тыюу салууда турат:

- маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү иш-чараларын өткөрүү;

- көңүл ачуучу жайлардын ишмердүүлүгү;

- балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын ишмердүүлүгү;

- интернет-клубдардын, ошондой эле компьютердик оюн жайларынын ишмердүүлүгү;

- мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ишмердүүлүгү.

Пикир

Оставить комментарий