• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектин биринчи вице-мэри: Учурда 3,8 миңден ашуун чарба жүргүзүүчү субъект иштеп жатат

Коом 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. Учурда Бишкек шаары боюнча 3 миң 836 чарба жүргүзүүчү субъект иштеп жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, анда иштегендердин саны болжол менен 83 миң 300 адамды түзөт.

"Бүгүнкү күндө шаарда 1 млн 57 миң адам жашайт. Анын ичинде балдар - 305 миң, пенсионерлер - 95 миң жана эмгекке жарамдуулардын саны - 627 миңди түзөт. Шаарда 108 миң 208 чарба жүргүзүүчү субъект катталган. Анын ичинен иштеп жаткан чарба жүргүзүүчү субъект - 75 миң 363 жана жумушчулардын жалпы саны 238 миң", - дейт ал.

Биринчи вице-мэр маалымдагандай, Бишкек шаарында өзгөчө абал киргизилгендиктен чакан жана орто бизнестин, курулуштун, айрым өнөр жай өндүрүш ишканаларынын иши убактылуу токтотулган.

"Учурда Бишкек шаары боюнча 3 миң 836 чарба жүргүзүүчү субъект гана иштеп жатат. 71 миң 531 чарбалык субъект ишин токтотту. Болжолдуу маалымат боюнча 155 миң адам убактылуу иштебейт. Базарлар, соода-борборлору, чач тарачтар, тойканалар жана коомдук тамактануучу жайлар убактылуу жабылган. Массалык иш-чараларды тойканаларда өткөрүүгө тыюу салынды. Мындай абал Бишкек шаарында кызмат көрсөтүүнүн көлөмүнө өз таасирин тийгизип жатат. Натыйжада Бишкектин экономикалык абалы начарлоого дуушар болууда", - деп баса белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий