• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкек шаарынын вице-мэри жолдорду текшерүүдө

Коом 0

Бишкек, 13.09.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасы менен вице-мэр Азат Узаков оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан көчөлөрдү текшерүүнү улантууда.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Азат Узаков Свердлов акимиатынын, капиталдык курулуш башкармалыгынын, “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын, жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын өкүлдөрү менен бирге Свердлов районунун Култегин жана Гидростроитель көчөлөрүн текшерүүдөн өткөрдү. Ошондой эле "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы оңдоп жаткан Орхон көчөсү менен таанышты.

"Вице-мэр муниципалитеттин ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жол куруу иштерин КРнын колдонуудагы мыйзамдарына жана бекитилген долбоордук сметалык документтерге так ылайык жүргүзүүнү, жолдорду куруунун жана реконструкциялоонун сапатын көзөмөлгө алууну жана курулуш иштерин өз убагында бүтүрүүү тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, "Бишкек шаарынын көчө жана жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи этабы эки жылга эсептелген. Долбоордун алкагында жалпы узундугу 70 чакырымдан ашкан 60 көчө реконструкцияланып, 5 көпүрө курулат.

Пикир

Оставить комментарий