• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек шаарынын жашоочуларына гуманитардык жардам таратылды

Коом 0

Бишкек, 26.02.22. /Кабар/. Бишкектиктерге “Кыргызстандагы Эмират” эл аралык кайрымдуулук уюмунун филиалынан гуманитардык жардам көрсөтүлдү.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, борбор калаанын төрт районунда тең жардамдарды бөлүштүрүү пункттары социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан түзүлгөн тизме боюнча уюштурулган.

"Ар бир үй-бүлөгө балдардын сырт кийими, жылыткыч, жууркан берилди. Жалпысынан уюм тарабынан бишкектиктер үчүн 400 даана балдар курткалары, ал эми муктаж үй-бүлөлөргө 253 жылыткыч жана 1200 жууркан (ар бир үй-бүлөгө 3 жууркан) бөлүнгөн", - деп айтылат билдирүүдө.

Борбор калаанын мэриясы көрсөтүлгөн жардам үчүн уюмга ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий