• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек шарынын мэри Жунушалиев Түркияда Измир шаарынын мэри менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 11.09.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 2021-жылдын 9-11-сентябрына чейин Измир шаарында (Түркия) өтүп жаткан "Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер" бүткүл дүйнөлүк уюму тарабынан уюштурулган маданий саммитине катышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын алкагында Жунушалиев Түркиянын Измир шаарынын мэри Тунч Сойер менен жолукту.

Тараптар шаар аралык кызматташтыкты тереңдетүү зарылдыгын жана маданий -гуманитардык өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Айбек Жунушалиев Измирге чакыруу үчүн ыраазычылыгын билдирип, Измир менен биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууга жана тажрыйба алмашууга кубанычта экендигин билдирди.

Белгилей кетсек, уюштуруучу Бүткүл дүйнөлүк "Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер" уюму иш-чаранын катышуучуларын жайгаштыруу боюнча бардык чыгымдарды өзүнө алган.

Пикир

Оставить комментарий