• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек ШИИБ Башкы прокуратуранын Биринчи Май РИИБдеги кылмыш ишинин материалдарынын жоголгондугу тууралуу билдирүүсүн четке какты

Укук тартиби 0

Бишкек, 19-апрель /Кабар/. КР Башкы прокуратурасынын Биринчи Май РИИБ тарабынан К.Т.га карата кылмыш ишинин материалдарынын жоголгондугу тууралуу маалыматы чындыкка жатпайт. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча кызматтык тергөөнүн жүрүшүндө Биринчи Май райондук ИИБ Маалымат бөлүмүнүн маалыматтарына ылайык, К.Т. карата козголгон кылмыш иши Ысык-Көл облустук ИИБге башка кылмыш иши менен бириктирүүгө берилген. Ошондой эле, Биринчи Май райондук ИИБдин тергөө журналынында жазылган жана КР ИИМ маалыматтык борборунун маалыматтарына ылайык, кылмыш иши Ысык-Көл облустук ИИБинин тергөө бөлүмүнө башка ишке бириктирүүгө берилген катары саналат.

Бирок, Ысык-Көл облустук прокуратурасынын маалыматы боюнча, Ысык-Көл облустук ИИБинин тергөө бөлүмүнүн кароосундагы кылмыш ишинде К.Т.га карата кылмыш ишинин материалдары жок.

Буга байланыштуу кылмыш ишинин материалдары жоголгон деп табылып, 2017-жылдын 19-мартында кылмыш ишинин материалдарынын көчүрмөлөрүнөн калыбына келтирилген.

2017-жылы 10-апрелде Биринчи Май райондук прокуратурасы тарабынан кылмыш өндүрүшү жандандырылып, жаңы мөөнөткө - 2017-жылдын 10-майына белгиленген.

Учурда бул кылмыш иши боюнча ишти объективдүү жана ар тараптуу кароого багытталган бардык тиешелүү ыкчам-тергөө чаралар жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий