• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек ШИИББ башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу жеке курамга тааныштырылды

Коом 0

Бишкек, 10.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын 10-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын өздүк курамына начальниктин милдетин убактылуу аткаруучу, милициянын полковниги Ногойбаев Азамат Болотбековичти тааныштырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Таныштырган соң, ИИМдин башчысынын орун басары Октябрь Урмамбетов Бишкек ШИИББдин, Биринчи май, Свердлов, Октябрь, Ленин райондорунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине коомдук коопсуздукту ккамсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иштерди жогорку деңгээлде аткарууну талап кылды.

Октябрь Урмамбетов жаңы дайындалган жетекчилерге ийгиликтерди каалап, кызматтык милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылууну тапшырды.

Ногойбаев Азамат Болотбекович – милициянын полковниги. 1980-жылы 12-июль күнү туулган. Кыргызстандын ИИМнин Академиясын “юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган. Ички иштер органдарында 1997-жылдан баштап кызмат өтөөдө.

Ички иштер органдарындагы кызматын Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБде кылмыш иликтөөнүн ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү болуп баштаган. Кызмат учурунда ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү, улук ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү, өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.

Ал жетекчилик курамдагы төмөндөгү кызматтарда иштеген: Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Кылмыш иликтөөнүн бөлүмүнүн начальнигинин орун басары, Чүй облусунун Жайыл РИИБдин начальнигинин орун басары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкы башкармалыгынын бөлүм начальниги, ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын начальнигинин орун басары, Чүй облусунун Сокулук РИИБдин начальниги, ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын бөлүм башчысы.

Кыргыз Республикасынын ИИОнун кызмат учурунда түзүмдүк медалдар менен сыйланган.

Пикир

Оставить комментарий