• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

"Бишкек суу каналдын" кызматкерлери “Касым” жаңы конушундагы кудуктарды тазалашты

Коом 0

Бишкек, 09.01.20 /Кабар/. "Бишкек суу канал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын мобилдик тобу “Касым” жаңы конушундагы 15ке жакын кудукту тазалады. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, негизинен бир кудуктун ичинен 1 каптан ашык катуу калдыктар чыгарылат.

Кудуктарды тазалоо боюнча иштер Бишкек шаарынын баардык райондорунда жана жаңы конуштарында дайыма жүрүп турат.

Эскерте кетсек, "Бишкек суу каналдын" менчигинде 22 миң 244 канализациялык кудук жана 8 миң суу кудуктары бар.

Пикир

Оставить комментарий