• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкек суу тартыштыгын жайында гана сезет

Коом 0

Бишкек, 31.05.18. /Кабар/. “Бишкек шаарын таза суу менен камсыз кылуу жана канализация тутумунун системасын оңдоо” долбоорунун жүрушү тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Бишкек мэриясынын "Сууканал" башкармалыгынын башчысынын орун басары Мурадин Сейдалиев айтып берди.

Ал долбоор Швейцария Конфедерациясынын өкмөтү жана Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын (ЕРӨБ) эсебинен ишке ашып жаткандыгын эске салды.

Инвестициянын суммасы 16 млн. евро, 8 млн. евро насыя жана 8 млн. евро грант. Насыя жана гранттык келишимдер 2015-жылы КР мыйзамы тарабынан ратификацияланган.

Ал билдиргендей, бүгүнкү күндө шаарда суу боюнча көйгөй жок, жайында гана бир аз кыйынчылыктар болот.

“Бишкекте суу жетиштүү, ал жайында гана жок болот. Көпчүлүгү аны максатсыз колдонот. Шаардын чет жагында көпчүлүгү ичүүчү таза сууну суугат суу катары колдонушат. Былтыркы жылы суу жетишсиздиги “Ак-Ордо” жана “Арча-Бешик” жаңы конуштарында байкалган. Убактылуу тоскоолдуктар болот”,-деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий