• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте тамеки чегүү мыйзамын сактабаган бир катар кафелерге айып салынды

Коом 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Бишкекте тамеки чегүү мыйзамын сактабаган бир катар кафелерге айып салынды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Свердлов районунун аймагында санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана КР «КР жарандарынын ден соолугун тамеки чегүүнүн, никотиндин жана тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринин кесепеттеринен коргоо жөнүндө» мыйзамынын талаптарын сактоо боюнча рейддер уюштурулду.

Тамеки чегүүгө каршы текшерүүлөр тамактануучу жайларда, оюн-зоок жайларында жана башка коомдук жайларда өткөрүлүүдө.

Кечээ 7 мекеме текшерилип, Adriano кофеканасында жана «Дым востока» барында мыйзам бузуулар аныкталды.

Жалпы суммасы 23 000 миң сомго протоколдор түзүлдү.

Тамеки тартууга каршы текшерүүлөр Октябрь районунун аймагында да өткөрүлдү. 5 коомдук тамактануу пункттары текшерилип, мыйзам талаптарын бузгандарга, Live Bar кафе-барына карата КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 84- беренесине ылайык 13 000 сом өлчөмүндө протокол түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий