• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек – Ташкент аба каттамдары 23-декабрдан тарта калыбына келтирилет

Коом 0

Бишкек, 21.12.17 /Кабар/. Бишкек – Ташкент аба каттамдары 23-декабрдан тарта калыбына келтирилет. 2018-жылы Ош – Ташкент – Ош аба каттамдары кайрадан ачылат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун жол жана транспорт министри Жамшитбек Калилов менен жолугушуусунда айтылды.

“Автомобиль жана жүргүнчү ташуучу транспорт маселелерин жөнгө салуу боюнча 2018-жылдын 25-январында өзбек тарап менен жолугушабыз жана бир пикирге келебиз деген ишенимдебиз”, - деп билдирди министр.

Буга чейин Калилов журналисттерге 2018-жылдын жазында Ташкент – Бишкек, андан соң Ысык-Көлгө чейинки темир жол каттамы ачыларын билдирген.

Ошондой эле Кыргызстан жана Өзбекстан Жалал-Абад - Ташкент – Бишкек темир жол каттамын ачышы мүмкүн.

у двумя странами.

Пикир

Оставить комментарий