• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек-Ташкент автобус каттамы кадимки тартипте иштеп жатат - Транспорт министрлиги

Коом 0

Бишкек, 06.02.19. /Кабар/. 2019-жылдын 4-февралынан тарта Бишкек-Ташкент автобус каттамы жаңы график боюнча каттап, учурда кадимки тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-февраль күнү Астана шаарында КРнын Транспорт министрлигинин өкүлдөрү Бишкек-Ташкент каттамы боюнча жаңы иштелип чыккан жадыбалын Казакстандын Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин Транспорт комитети менен макулдашкан. Макулдашуу эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн 2003-жылдын 25-декабрындагы 2013-жылдын 1-январына чейинки "Эл аралык автоунаа байланышы жөнүндө" макулдашуусунун талаптарына ылайык жасалган.

Пикир

Оставить комментарий