• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек-Ташкент багыты боюнча автобус каттамы жанданды

Коом 0

Бишкек, 01.02.19. /Кабар/. Бишкек-Ташкент каттамындагы автобустар мурдагы график боюнча убактылуу каттай баштады. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, министрлик Казакстандын Инфраструктура жана өнүктүрүү министрлиги менен анын аймагы аркылуу өткөн Бишкек-Ташкент каттамы маселенин талкуулап, бул каттамдын жаңы графиги боюнча макулдашууга келишкен.

Каттамдын жаңы графиги макулдашылып, бекитилгенге чейин Бишкек-Ташкент каттамы мурдагыдай тартипте иштей берет, деп айтылат маалыматта.

Министрлик белгилегендей, автобустар 1-февралдан тарта каттамын жандандырды.

Эске салсак, мындан мурдараак Транспорт министрлиги Казакстан Бишкек-Ташкент транзиттик автобустук каттамынын жабылышын талап кылып, макулдашылган келишимди бузду деп билдирген.

24-январда Казакстан Кыргызстандын жана Өзбекстандын тийиштүү органдарына кабарлабай туруп, эл аралык нормаларды бузуп, Бишкек-Ташкент каттамын өз аймагынан өтүүсүнө тыюу салган.

Бишкек–Ташкент камтамы боюнча автобустар 2018-жылдын май айында каттай баштаган.

Пикир

Оставить комментарий