• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек: “Тазалык” ишканасы кышка даярданууда

Коом 0

Бишкек, 18.10.18. /Кабар/. “Тазалык” муниципалдык ишканасы 2018-2019-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн тиешелүү болгон чараларды көрүп жатат.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, учурда базага 203,2 тонна кум жана 865 тонна туз алынып келинген. Мурда калган запасты эске алганда жалпысынан 4 миң 798 тонна кум жана 909 тонна туз даярдалган.

Күз-кыш мезгили учурунда тазалоо иштери 1-ноябрдан тарта 1-мартка чейин жүргүзүлөт.

Жарандар үчүн атайын WhatsApр тиркемеси аркылуу төмөнкү байланыш телефондору иштейт:

- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557- 99-79-27;
- Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 95-55-09;
- Абдиев Дамир Кадырмаевич (Биринчи май району) — 0550 21-73-73;
- Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — 0703 611 806.

Ошондой эле муниципалитеттин Call-борбору чалууларды кабыл алат: 185 менен 1840 күнү-түнү иштейт, ошондой эле көйгөй жаралган кезде 0554 182-185 номерине сүрөт жөнөтсө болот.

Пикир

Оставить комментарий