• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек: Тез жардам унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталып, эки адам жабыркады

Кырсык 0

Бшкек, 28.10.19. /Кабар/. Бишкектеги Тыныстанов-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде кечээ, 27-октябрда болжол менен саат 07:30да Тез жардам кызматынын унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан кабарлашкандай, 62 жаштагы Т.С., аттуу жаран башкарып бара жаткан «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаа 31 жаштагы А.Т., аттуу айдоочу башкарып келаткан «Даймлер-Бенц» (жеке Тез жардам кызматы), үлгүсүндөгү унааны сүзгөн.

Кырсыктан «Тойота Камри» унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү жабыркаган.

Аталган факты шаардык милициясынын Кылмыштар менен жоруктарынын бирдиктүү реестринде каттоого алынган.

Пикир

Оставить комментарий