• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Бишкек-Тюмень” каттамындагы автобус Россияда кырсыкка кабылып, кыргыз жараны жаракат алды

Кырсык 0

Бишкек, 30.11.17 /Кабар/. Тюмень облусунда автобус менен жүк ташуучу унаа кагылышып, андан Кыргызстандын жараны жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу РИА Новости кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Ишим – Бердюжье жолунун 4-чакырымында Mercedes үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен ичинде 28 жүргүнчүсү бар автобус кагылышкан.

Натыйжада автобустун ичиндеги 12 жүргүнчү дарыгердин текшерүүүнөн өтүү үчүн аймактык №4 ооруканага жеткирилген.

“Бир адам жаткырылды. Ал Кыргызстандын жараны 1946-жылы туулган. Автобус Бишкектен Тюменге карай бара жаткан”,-деп айтылат маалыматта.

Ал эми башка жүргүнчүлөр бөлөк автобус менен аймактын борборуна жеткирилмекчи.

Эске сала кетсек, октябрь айында Владимир шаарында Өзбекстан жана Казакстандын жарандары бар автобус жол кырсыгына кабылын, анда 16 адам каза болгондугу айтылган.

Пикир

Оставить комментарий